Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ош

Видео, фото — Оштогу экспертиза борборунда 100дөн ашуун ак чычкан, деңиз чочколору жана коёндор багылат

Turmush -  Ош шаарындагы түштүк регион боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунда мал-жандыктардагы ылаңды аныктоо максатында пайдалануу үчүн 100дөн ашуун ак чычкандар, 60дан ашуун деңиз чочколору жана 40ка жакын коёндор багылат. Аталган экспертизалык борбордо жугуштуу оорулар жаныбарлардын катышуусунда аныктала турганын борбордун бактериология бөлүмүнүн башчысы Абдыбакы Маматов билдирди.

«Биздин лаборатория 1936-жылдан бери иштейт. 2017-жылдан тартып аталышы гана өзгөрдү. Ош шаарындагы түштүк аймагы боюнча эң чоң лабораториялардын бири. Биз дартты аныктоо үчүн, атайын деңиз чочколорун, коён, ак чычкандарды багабыз.

Ак чычкандар кутурма оорусун аныктоодо пайдаланылат. Ал эми деңиз чочколору сибирь жарасы, бруцеллез оорусун аныктоодо, коёндор аллергиялык ооруларды аныктоого керектелет. Биз аларга атайын экспертиза жүргүзүп, мал ылаңдарын аныктайбыз. Алдын алуу жолдору дагы жүргүзүлөт. Экспертиза жүргүзүлгөн жаныбарлар башка жаныбарларга кошулбай жок кылынат», - деди ал.

Мында майда жандыктарды Тотукан Хасанова көзөмөл кылат. Ал күн сайын эртең менен тамак-ашын, жем-суусун берип турат.

«Бир жылдан бери жаныбарларды карайм. Балдары, чоңдору жана бооздору болуп өзүнчө бөлүнгөн. Булар аябай тез көбөйөт. Биз башка лабораториялардан эркектерин алып келип, аргындаштырып турабыз. Ак чычкандар, коёндор ай сайын төлдөп, ар бири 6-8ден тууйт», - деди ал.

Майда жандыктарга экспертиза жаз-күз айларында көп жүргүзүлөт. Лабораториянын ичинде таза, кир деп бөлүнгөн эки зона бар. Таза зонада дени сак жаныбарлар жашап, атайын торчолорго салынгандан кийин кир зонага алып барабыз, деп билдирди ветеринардык дарыгер Керез Раимкулов.

«Биз эки адам экспертиза жүргүзөбүз. Айрым майда жандыктардан оору 10 күндө аныкталса, айрымдарынан 30 күндө аныкталат. Оору билингенден кийин жаңыбарлар жок кылынат», - деди К.Раимкулов.

Деңиз чочколору мындан башка Лейлек жана Бишкекте багылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1253
Көп окулду
×