Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ош

Кичи футбол боюнча балдар арасындагы Кыргызстандын кубогунун жеңүүчүлөрү белгилүү болду (фото)

Turmush -  Кечээ, 8-июнь күнү Ош шаарындагы А.Момунов атындагы футбол академиясында кичи футбол боюнча 14 жашка чейинкилер арасындагы Кыргызстандын кубогу жыйынтыкталды. 2-июнда башталган мелдешке Кыргызстандын бардык облусунан бирден команда, Бишкек шаарынан 1 команда, Ош шаарынан 2 команда болуп, жалпы 10 команда катышкан.

Мелдештин жыйынтыгында Бишкек шаарынан келген команда 1-орунду алып, кубокко ээ болсо, 2-орунга Чүй облусунан келген команда татыды. Ал эми 3-орунду Жалал-Абад облусунун командасы ээледи.

Жеңүүчү болгон командаларга диплом жана медалдарды Кыргызстандын футбол федерациясынын башкы катчысы Медербек Сыдыков, футбол академиясынын директору Руслан Алтыбаев тапшырды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 527
Көп окулду
×