Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ош

Милиционердин жубайы Назира: Күйөөм жаздан күзгө чейин бир бут кийим менен жүрдү

Turmush -  Коомдо ар кандай сынга кабылган милиция кызматкерлеринин жумушунун оош-кыйышын, түйшүгүн алардын жубайлары жакшы билет. Ал эми милиция кызматкерлерине кайрылганыбызда көпчүлүгү жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташууну каалабай турганын айтышты.

Атын атагысы келбеген милиция кызматкери болгону коомго нааразычылык билдирген пикирин айтты.

«Бир милиция ката кетирсе баарын жаманга чыгарган коомго биздин деле айтчу сөздөр бар. Бирок эртең башкача маалымат тарап кетиши мүмкүн», - деп суроолорго жооп берген жок.

Turmush басылмасынын кабарчысы милиция кызматкеринин өзүн Назира деп тааныштырган жубайы менен маектешүүгө мүмкүнчүлүк тапты.

«Милициянын аялымын десем айрымдар боору ооруган сөздөрдү айтышат. "Күйөөң түнү менен түнкү көпөлөктөр менен ойноп жүрөт да" деген сөздөрдү да уккам. Бирок күйөөм жумуштан чарчап, кээде шишип келет. Буттары ооруп келгенин көрүп турам. Аны карап боорум ооруйт. Коом милиция кызматкерлерин сыйлабаганына жиним келет. Өздөрү жумуштан чарчап, жетекчиликтен оор тапшырма алып, кээде сөгүү угуп үйүнө барганда аялы түшүнбөсө кол көтөрүшү мүмкүн. Тартип сакчылары аялга теңелип айтышкандын ордуна муштап салат. Түшүнгөн аял болсо көп конфликтке барбайт. Айрым милиция кызматкерлеринин аялдары укуктарын жакшы билген кишидей кризистик борборлорго кайрыла беришет», - дейт Назира.

Жена милиционера Назира

Анын айтымында, тартип сакчыларынын эмгек акысы күнүмдүк керектөөгө өп-чап жетет. Буга мисал катары жолдошу жаздан күзгө чейин бир бут кийим менен жүргөнүн айтты.

«Социалдык тармактарда милициянын бут кийими талкуу жаратып, ар түрдүү ойлор айтылды. Ошондо аябай ыйлагам. Менин деле жолдошум өзүнө кийим албайт. 10 миң сом айлыгын эки балабызга жеткирүү кыйын. Үйдүн ижара акысы бар, тамак-аш, кийим-кечеге керектелет, кээде балдарыбыз ооруп калат.

Аялдыкка салып, жолдошума сен деле “левый” иш кыл десем, "формамды булгагым келбейт" деп жооп берди. Бул кесип күйөөмдүн бала кездеги кыялы болгондуктан берилип иштейт. Кээде коомдогу терс сөздөрдү угуп ачууланып, капа болуп калат. Бааланбаган жумушту таштайм деп көп айтты, бирок кайненем атайын окуткам деп жумушунан чыгарбайт. Апам күн сайын жумушка "сен элдин адамысың" деп жиберет», - деди Назира.

Ошондой эле ал айрым шалаакы кызматкерлердин айынан миңдеген милиция кызматкерлеринин аты булганып, эмгеги бааланбай жатканына нааразы.

«Жакшы эмгектерин баалап турушса стимул болмок. Терс жактары айтылса, өз ара баары бир жаманбыз деп нааразы болушат», - деп кошумчалады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 39054
Көп окулду
×