Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ош облусу, Ош 08.06.2018 14:52 На русском

Ошто экономисттер менен финансисттер сыйланды (фото)

Turmush -  Ош шаарында бүгүн, 7-июнда финансы жана экономика кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип, аларды сыйлоо аземи уюштурулду. Иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Батыбек Каналиев, Финансы министрлигинин Ош башкармалыгынын жамааты, мекеме-ишканалардын эсепчилери күбө болушту, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

С.Турдуев Кыргыз мамлекетинин тарыхында экономист менен финансисттердин өлкөнүн экономикалык-социалдык өнүгүшүнө кошкон салымы эбегейсиз экендигин белгиледи. Ошондой эле мамлекеттин, анын ичинде Ош шаарынын экономика жана финансы тармагынын калыптанышына өздөрүнүн татыктуу салымын кошкон бир нече экономисттер, финансисттер Ош шаарынын мэриясынын ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйланды. Мэриянын жаштар иштери боюнча комитетинин атынан да бир топ эсепчилер ардак грамота жана баалуу белектерге татыктуу болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×