Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ош облусу, Ош 08.06.2018 14:38 На русском

60 жаштагы М.Ташматов: Таң эрте чуркап жүргөнүмдү көргөн кошуналарым таң калышат (видео)

Turmush -  Бир жылдан бери чуркоону адатка айлантып, чет өлкөлөрдө өткөн марафондорго катышып келе жаткан Мирбек Маматкасым уулу адамдарды сергек жашоого үндөгүсү келет. Ал өзү адатка айланткан спорттун бул түрү ден соолукка пайдалуу деп эсептейт. Ал жумасына 2-3 жолу, күн алыс чуркоо менен 2 ай аралыгында 15 кг салмактан арылганын кошумчалады.

Анын жанында Кыргызстандагы бир катар марафондорго катышып жүргөн 60 жаштагы Мамасалы Ташматов да бар. Ал Ысык-Көлдө өткөн марафондо курдаштарынын арасында алдыңкы орунду камсыздаган. Айрыкча ал марафондорго даярданып жатканда коңшуларынын сынына кабылган эле.

«Мен ушул жылдын январь айынан бери чуркоону адатка айланттым. Ысык-Көлдө өткөн марафондо өзүм теңдүүлөр арасында алдыңкы орунду алдым. Мен ар дайым эртең менен чуркоого үйрөндүм. Ал эми чуркоого чыкканымда коңшуларымдын сынына көп кабылам. Алар эртең менен 60 жаштагы кишинин чуркап жүргөнү кыргыздын менталитетине туура келбесин айтышат. Бирок аларга көңүл бурбайм деле», - деди М.Ташматов.

Мирбек Маматкасым уулу сергек жашоонун үлгүсү катары чуркоону адатка айлантыш керек деп эсептейт.

«Мен дээрлик 1 жылдан бери алыс аралыкка чуркайм. Кээде стадиондо, кээде Ак-Бууранын боюндагы веложолдо, айрым учурда үйүмдүн айланасындагы көчөдө чуркайм, айырмасы жок. Чуркоого шарт жок деп жатып албашыбыз керек. Мен өзүмдүк социалдык баракчаларым аркылуу адамдарды чуркоого үгүттөп жүрөм. Ар жуманын жекшемби күнү чуркоону каалагандарды Ош шаардык мэриясынын оң жагындагы Өчпөс оттун жанында күтөм.

Буга чейин көптөгөн марафондорго катыштым. Казакстандагы 7-ирет 42 км аралыкка чуркоо боюнча өткөрүлгөн марафонго досум экөөбүз катышып келдик. Жеңүүчүлөрдүн катарында болбосок дагы 4 сааттан ашык убакытта маарага жеттик. Эң негизгиси жолдо калган жокпуз. 38 жашымда мындай натыйжаны көрсөтүп жатканым мен үчүн сыймык», - деди ал.

Эл аралык уюмдарда иштеген Максат Патаев дагы жумасына жок дегенде 2-3 жолу алыс аралыкка чуркоону адатка айланткан. Ал бул жол менен өнөкөт оорусунун козголушуна бөгөт койгондугун айтат.

«Мурун көп ооручумун. Чуркоону адатка айланткандан кийин оорум бара-бара азая баштады. Ал тургай 2 айда 12 кг салмактан арылдым. Мурун 100 кг салмакта болсом, азыркы салмагым 88 кг. 33 жаштамын», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×