Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ош 08.06.2018 09:19 На русском

Фото, видео - Өрттөлүп өлтүрүлгөн таксисттин артында 2 баласы калды. Кылмышкер автоунааны 1100 долларга саткан

Turmush -  Ош шаарында таксист болуп эмгектенип жүргөн 31 жаштагы Ильхом Эрматов өрттөлүп көз жумган. Ильхомдун артында бир уул, бир кызы калды.

Ал 2018-жылдын 13-майында «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаасын үйүнөн айдап чыккан бойдон дайынсыз жоголуп, жансыз денеси өрттөлгөн абалда 10 күндөн кийин Кара-Суу районунун Каратай айылынан алыс эмес жердеги ээн талаадан табылган эле. Атасы Абдухалил Эрматовдун айтымында, Ильхом эч кимдин көңүлүн оорутпаган, ак көңүл адам болчу.

«Мен бир күн мурун сыркоолоп калып, уулум ооруканага алып барган эле. Ал жерден дарыгерлерге көрсөтүп алып келген. Ооруканадан келгенден кийин абалымды көрүп, шишкебек сатып берип: "Ата, оорубаңыз, мен сизге күн сайын шишкебек алып берип, апам экөөңөрдү ажылык сапарга жөнөтөм" деп айтты эле. Эртеси мен уктап калып, коштошо албай калдым. Турганымда агасын ишине таштап, өзү ишине кеткен экен. Уулум менин бир сөзүмдү эки кылган бала эмес эле. Күнүнө 4-5 жолу телефон чалып, кабар алып турчу. 13-май күнү эжесине түштө алып кетем деген экен. Саат 12:00 чамасында кызым чалып, "Ильхом жок" деп калды. Телефонуна чалсам алган жок. Күндө ишинен саат 17:00 - 18:00 чамасында чыгып, агасын кошо ала келчү. Ошол күнү агасын да алып келген жок. Улуу уулум ошол күнү ишинен такси менен келиптир.

Ильхомду кечки саат 23:00гө чейин күттүк, келген жок. Айла жок милицияга кайрылдык. Алар күтө тургула деп калышты. 4-5 күн күттүк, дайыны жок болгондуктан айылдаштар менен издеп баштадык. Милиция кызматкерлери анын унаасына Өзгөндө бензин куюлуптур деп айтышты. Бензин куйган жерде камера бар экен. Көрсө, баламды кылмышкерлер ошол күнү эле өлтүрүп, кийимин кийип алган экен. Биз аны кийин билдик. 20га жакын балдар, уулдарым кошулуп, Өзгөн, Кара-Кулжага чейин барып издеп келишти. Табылган жок. Баламдын 2 уюлдук телефону бар эле. Бирөөсүн Жалал-Абадга келип сатышыптыр. Телефонду сатып алган баланы милиция кызматкери таап сураштырса, ал бою узун адам экенин, Бишкек тарапка кеткендигин айтыптыр.

Баламдын унаасы Токмоктон, сөөгү Каратай айылынан табылыптыр. Баламдын сөөгүн мага көрсөтүшкөн жок. Эң чоң уулум гана көрүп, "Ата, көрбөй эле коюңуз, бычакталыптыр" деп айтып, эртерээк жерге берели деди. Денеси табылган күнү кечки саат 22:00дө жерге бердик. Мындай күндү эч кимдин башына салбасын. Унаасын болгону 1100 долларга сатышыптыр. Унаа эле керек болсо тартып алып, баламды тирүү калтырса эмне», - деди ал.

Маркумдун апасы Мухабатхан Эрматованын айтымында, шектүү тараптан эч ким кабар алган эмес.

«Балам түшүмдө бычактан каза болгонун айтып жатат. Өлтүргөн баланын деле туугандары, агасы, апасы бар экен. Бир ооз келип кабар алып койгон жок. Өлтүргөн бала да жазасын алсын. Мен бул ишти ушу бойдон калтырбайм. Азыр үйгө киши көп келип жаткандыктан үндөбөй турабыз. Бул иш аягына чыкмайынча күрөшөм. Мени баламдын өлгөнүнө дале ишене албайм. Түшүмө кирип, бычакталганын айтып жатат», - деди апасы М.Эрматова.

Маркумдун артында калган 7 жаштагы уулу менен 3 жаштагы кызы күн сайын атасынын келишин күтүп, баарын ыйлатып жатканын атасы кошумчалады.

«Артында 25 жаштагы келинчеги, чиедей болгон эки баласы калды. Уулу күн сайын "атам качан келет?" деп баарыбызды ыйлатат. Бут кийимин кийип алсак да, атамдын бут кийими деп жүрөктү эзет. Мындай түйшүктү эч кимдин башына салбасын. Уулумду өлтүргөн бала өмүр бою камалышын калайм. Менин уулум өлдү, өлтүргөн бала эртең да башканы өлтүрүшү мүмкүн. Аны өмүр бою камаш керек», - деди А.Эрматов.

Маркум Ильхом Эрматов үйдүн кичүүсү болгон. Ал буга чейин ашпозчу болуп эмгектенип, 1 жылдан бери айдоочу болуп иштеп жаткан эле. Өлөрүнө чейин үйүн өз колу менен оңдоп чыкканын атасы кошумчалады.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, ИИМдин криминалдык милициясынын башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип Кара-Суу районунун 1990-жылы туулган тургуну Г.Т. кармалган. Ал кыргыз-казак чек арасынан өтүп, изин жашырууга аракет жасап жаткан учурда колго түшүрүлгөн. Дагы эки шектүү Казакстандын жарандары экени, алар өз өлкөсүндө жашырынып жүргөнү маалымдалган. Алардын өздүгү такталган болчу.

Учурда бул факты боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×