Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ош облусу, Ош 06.06.2018 13:55

Ошто компьютердик клуб болуп катталган жайларда кумарчылар ойноп келген

Turmush -  Ош ШИИБдин кызматкерлери тарабынан кумар оюндарын ойнотуучу кѳмүскѳ жай уюштурууга шектелген эки оюн-зоок клубу жабылды. Бул компьютердик клубдар жашыруун түрдѳ кумар оюндарын ойнотууну уюштуруп жатканы тууралуу ыкчам маалыматтар берилген болчу.

ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жабылган клубдардын бири борбордук стадиондун жанында, экинчиси Р.Абдыкадыров кѳчѳсүндѳгү кѳп кабаттуу үйдүн 1-кабатында жайгашкан. Алар расмий түрдѳ компьютердик клуб болуп каттоого алынганы белгилүү болду.

Учурда андагы компьютердик техникалар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ошондой эле тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×