Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ош

Казакстандын Оштогу консулдугу жаңы имаратта иштеп баштады (фото)

Turmush -  Бүгүн, 6-июнь күнү Казакстандын Оштогу консулдугу башка имаратка көчүп, ачылышы салтанаттуу түрдө белгиленди. Иш-чарага Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаев, Россиянын, Кытайдын Оштогу консулдары жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев катышты, деп билдирди кабарчы.

Имаратты ачуу аземинде элчи К.Кокрекбаев консулдуктун Оштогу имаратынын ачылгандыгы алар үчүн жакшы жышаан болгонун, кыргыз-казак эли байыртадан бир тууган эл экенин белгиледи. Ошондой эле ал Россия жана Кытай өлкөлөрүнүн Ош шаарындагы консулдарына жана башка меймандарга элчиликтин имаратынын ачылышына келгени үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал эми меймандар символдуу белектерин тапшырышты.

Казак элчиси кыргыз тарап жакынкы айларда Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрөрүн, ал эми Казакстан Астана шаарынын 20 жылдыгын белгилерин айтып, эки иш-чара тең чоң мааниге ээ экенин кошумчалады. Анын айтымында, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына анын ысымы Астана шаарындагы көчөгө ыйгарылган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 727
Көп окулду
×