Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ош

Өз атасын бычактаган шектүүнү Ош шаардык соту 2 айга камакта калтырды (видео, шектүүнүн сүрөтү)

Turmush -  Бүгүн, 5-июнда Ош шаардык соту өз атасын бычактаган шектүүнү эки айга камакта калтырганын Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

3-июнда 1986-жылы туулган О.Б. 1961-жылы туулган атасынын мойнуна бычак шилтеп, жарадар кылган болчу. Өз убагында көрүлгөн жардамдын натыйжасында жабырлануучунун өмүрү сакталып калган.

Тергѳѳ иштеринин алгачкы жыйынтыктарына караганда, жабырлануучу 32 жаштагы уулу алкоголдук ичимдиктерди кѳп ичкендиктен: «Ичпечи балам, жок дегенде ыйык Орозо айында арак ичпе...», - деп суранган. Анын бул сѳзү мас абалдагы баласына оор тийип, ашканадагы бычак менен атасынын моюнун кесип жиберген.

Жабырлануучунун берген кѳрсѳтмѳсү боюнча, уулу шилтеген бычак мокок болгон. Учурда адам ѳлтүрүүгѳ аракет жасоо айыбы боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Шектүү

А 45

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 727
Көп окулду
×