Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ош

АКИ-ТV: Оштогу «Жаштык» лагери уйлардын эс алуу жайына айланды. Лагерь балдарды быйыл да кабыл албайт

Turmush -  Ош шаарындагы мамлекеттик «Жаштык» балдар лагери быйыл окуучуларды кабыл албайт. 8 жылдан бери кароосуз калган лагерь оңдоого муктаж. Мындан улам Ош шаардык мэриясы тарабынан быйыл капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери пландалганын мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов билдирди.

2010-жылдагы июнь коогалаңынан кийин жапа чеккен үй-бүлөлөр «Жаштык» лагерине жайгаштырылган болчу. Өткөн жылы лагерде баш калкалап келген үй-бүлөлөр Ош шаарынын Курманжан датка - 2 аймактык кеңешине караштуу Алай-1 массивине жана Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылына көчүрүлгөн эле.

«Жаштык лагери быйыл жаш жеткинчектерди кабыл албайт. Быйыл толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалууда. Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынан канализация системасын орнотуу үчүн тендер жарыяланып, азыр иш башталган. Ал эми лагерди 250 орунга ылайыкташтыруу үчүн ашкана, коттедж, спорт аянтчаларын куруу боюнча 25 млн сомдук долбоор даярдалган. Каражат маселеси чечилсе толугу менен капиталдык оңдоодон өтөт», - деди ал.

Өткөн жылы аталган лагердин 2 бөлмөсү оңдоодон өтүп, 2 топ менен 50 бала эс алып келишкен. Учурда жаңыдан оңдолгон бөлүгү дагы кароосуз калып, уйлардын эс алуу жайына айланды.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчусу Салтанат Жүдөшованын айтымында, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн мектеп алдындагы лагерлер уюштурулат.

«Ош шаарында 9 миңге жакын социалдык колдоого муктаж үй-бүлөнүн балдары бар. Жыл сайын аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары үчүн жайкы эс алууга лагерлер уюштурулуп келет. Өткөн жылы "Жаштык" балдардын лагеринде 50 бала эс алып келишкен. Быйыл аталган лагерь оңдоло тургандыгына байланыштуу мектеп алдындагы лагерлер уюштурулат. Биринчи топ менен 600гө жакын баланы жөнөтүү пландалууда. Ал үчүн Ош шаардык мэриясына 88 миң 800 сом каражат сурап кайрылганбыз.

Мындан сырткары шаарда акы төлөнүүчү лагерлер да уюштурулат. Негизинен лагерде 9 жаштан 14 жашка чейинки гана балдар эс алышат», - деди С.Жүдөшова.

Кабарчылар Ош шаарынын тургундарынан «Жайкы эс алууну балдарыңыз кайда өткөрүшөт?» деген суроого жооп издеп көрүштү. Шаар тургундарынын көпчүлүгү жайкы эс алуу үчүн балдарын жайлоого жибере турганын, айрымдары үйдө өткөрөрүн айтышкан. Учурда Ош шаарында 63 миң окуучу бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 563
Көп окулду
×