Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ош

Кызыл көйнөкчөн аялдардын акциясы быйыл Ош шаарында өттү (фото)

Turmush -  Ош шаарында кечээ, 2-июнда «Кызыл көйнөк» акциясы уюштурулуп, кызыл көйнөкчөн апалар, кыз-келиндер жөө жүрүшкө чыгышты. Иш-чара Ленин көчөсү менен С.Ибраимов атындагы драма театрдын жанынан башталып, Алымбек датка атындагы паркка чейин уланган.

«Кызыл көйнөк» долбоору бардык курактагы аялдардын ден соолугуна дарыгерлердин эле эмес аялдардын өздөрүнүн көңүлүн буруу, ооруларды жуктуруунун алдын алууга үндөө максатын көздөйт. Мындай акция алгачкы жолу 2002-жылы Нью-Йоркто башталып, кайрымдуулук эстафетаны андан кийин Европа өлкөлөрү уланткан болчу.

Ал эми «Кызыл көйнөк» долбоору Кыргызстанда алгачкы жолу 2016-жылы 3-июнда Ысык-Көлдүн жээгинде уюштурулган. 2017-жылы Бишкекте өтүп, кызыл көйнөкчөн 1200 аял акцияга чыгышкан болчу.
Быйыл Ош шаарында өткөн иш-чаранын алкагында дарыгерлер аялдарды текшерүүдөн өткөрүп, йога, тибет гимнастикасы боюнча масстер-класс да уюштурулду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 629
Көп окулду
×