Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ош облусу, Ош 02.06.2018 15:30

Балдарды коргоо күнүндө Ош шаарында 30 ымыркай төрөлдү

Turmush -  Кечээ, 1-июнь — Балдарды коргоо күнүндө Ош шаарында 30 ымыркай жарыкка келди. Бул тууралуу Ош шаардык төрөт стационарынын башкы дарыгери Зейнеп Исраилова билдирди.

Анын айтымында, 30 мыркайдын ичинен 17си уул болсо, 13ү кыз. 5 ымыркай операция жолу менен төрөлдү.

«Быйылкы жылы бул күнү эгиздер катталган жок. Өткөн жылы 1-июнда 3 эне эгиздерин жарыкка алып келген болчу», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×