Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ош облусу, Ош 02.06.2018 13:20

Ош шаарында сойкукана уюштурууга шектелген 2 балалуу аял кармалды

Turmush -  Ош шаарында саунада сойкукана уюштурулгандыгы такталды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин кабарлашты.

Маалыматка караганда, Ош ШИИБнин кызматкерлери сойкукана уюштурулгандыгы тууралуу маалыматтан улам 1-июнда шаардагы Супаналиев көчөсүндө жайгашкан саунаны текшеришти. Текшерүү учурда 3 аял сойкулук менен алектенгендиги аныкталды. Алар саатына 600 сомдон иштеп, акчаны саунанын администратору Н.А. алып турган. Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан бул факты боюнча кылмыш иш козголду. Сойкулук жасоо үчүн жашыруун жайларды уюштурганга шектүү катары кармалган 37 жаштагы Н.А. аттуу аялдын колунда 3 жана 5 жаштагы балдары бар экендигин эске алуу менен үй камагына чыгарылды. Азыр тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×