Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ош облусу, Ош 02.06.2018 12:42 Жаңыланды: 02.06.2018 16:10

Оштогу сейил бактарда кыз-жигиттерге бычак такап коркутуп, карактап жүргөн 5 жигит кармалды

Turmush -  Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарындагы сейил бактарда кечинде эс алып жүргөн кыз-жигиттерди карактап жүргөн 5 бала кармалды.

Ош ШИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 29-май күнү кечки саат 21:30 чамасында шаардагы А.Навои сейил багында эс алып жүргөн кыз-жигитти 5 бала келип коркутуп, жигитке бычак такап, 11 миң сом акчасын жана «Самсунг» үлгүсүндөгү телефонду тартып алышкан. 31-май күнү кечки саат 22:30 чамасында шаардагы Токтогул сейил багында жүргөн кыз-жигитке бычак такап, алардан 12 миң сом акчаны жана «Редми 5» үлгүсүндөгү телефонду алып кетишкен. Аталган шектүү балдардын экөөсү 1-июнь күнү кечинде Бишкек шаарына качып бара жаткан жеринен кармалса, 3 шектүү Ош шаарынан кармалышты.

Аларга кылмыш иш козголуп, камакка алынды. Шектүүнүн экөө мурда соттолуп, экөө студент болгон. Бул топ мурда болгон дагы бир тоноо фактысына шектелүүдө. Кармалгандар уюшкан кылмыштуу топко катыштыгы жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×