Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ош

Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектелген киши колго түштү (фото)

Turmush -  31-майда Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектелген киши кечээ, 1-июнда колго түштү. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, милицияга 31-майда түнкү саат 03:00 чамаларында Ош шаарынын Раимбеков көчөсүнүн тургундары бакчанын ичинде белгисиз адам канга боелуп жаткандыгын кабарлашкан. Келген ыкчам иликтөө тобу жашы болжол менен 35-40 чамасындагы адамдын өлүгүн таап, анын киши колдуу болуп өлгөндүгүн аныкташкан. Анын башында соккудан улам алган жаракаттар аныкталып, моюну кесилип, моюнунда сынган бөтөлкөнүн шишелери калып кеткендиги белгилүү болгон. Эксперттер анын бөтөлкө менен уруп өлтүрүлгөндүгүн, ал Кара-Суу районунун 1976-жылы туулган тургуну, эч жерде иштебеген А.Н. экендигин такташкан.

Кечээ, 1-июнда бул кылмышка шектүү катары Кара-Кулжа районунун 1969-жылы туулган тургуну, мурда соттолгон М.А. кармалып, жасаган күнөөсүн мойнуна алды. Шектүү өлтүрүлгөн адам менен ичимдик ичип отурушуп, өз ара урушуп кеткенин, биринчи ал биринчи бөтөлкө менен чаап жиберип, анан жооп иретинде өзү дагы бир нече ирет бөтөлкө менен чаап жибергендигин айкан. Учурда адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иш козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5268
Көп окулду
×