Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ош

Видео — Ош шаарында эң ылдам бөбөк аныкталды

Turmush -  1-июнда Ош шаарында Балдарды коргоо күнүнө карата эң ылдам бөбөк аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрайымы Бибигүл Абдыкадырованын айтымында, бөбөктөрдүн жарышына кызыгып келгендердин саны көп болду.

«Бөбөктөргө өзгөчө шаң тартууладык. Бөбөктөр жөмөлөп жарышып, бий, ырдоо жарыштары да өттү. Ага катышкан балдар атайын каттоодон өтүп турду. Андыктан бардыгы адилеттүү болду. Катышкан ата-энелер өздөрү ыраазы болушту. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилди. Андан сырткары балдарга балмуздак таралды. Сенсордук меш бөкбөктөрдүн жөрмөлөө жарышынан 1-орунду багындырган Алиханга тапшырылды»,-деди Абдыкадырова.

9 айлык Алихандын апасы Каныкей Маматалиеванын айтымында, аталган жарышка 70 бала катышты.

«Бул баламдын биринчи ийгилиги болду. Иш-чараны угуп, Кара-суу районунан келдик. Уюштуруучуларга чоң рахмат. Баламдын кыргыз элине кереги тийген адам болушун каалайм», - деди Каныкей Маматалиева.

Жөрмөлөп жарышка 1 жашка чейинки бөбөктөр катышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 750
Көп окулду
×