Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ош 01.06.2018 18:13 На русском

Видео — Ошто көпүрөдөн жүк ташуучу унаага, андан соң жерге секирген актер бутунан жаракат алды

Turmush -  Ош шаарында «Күн-түн жана түн» тасмасын тартуу учурунда актер туура эмес секирип, бутунан жаракат алды. Окуянын видеосу интернет тармагына жарыяланды.

Видеодон жаш актер эстакадалык көпүрөдөн жүрүп бара жаткан жүк ташуучу унаага, андан кийин жерге секиргенин көрүүгө болот. Ал экинчи жолу секиргенде жерге туура эмес түшкөн.

Turmush басылмасына Ош шаардык ооруканасынан билдиришкендей, тасма тартылган жерден чакыруу түшкөн эмес.

Аталган тасманын режиссеру Нарбото Анарбаевдин айтымында, актердун буту сынган эмес. Ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×