Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 15.05.2018 12:06

Ош шаарында 3 сойкуканага байланыштуу кылмыш иштер козголду

Turmush -  Ош шаарында сойкукана уюштурууга байланыштуу 3 кылмыш иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Бул маалымат бүгүн, 15-майда Ош ШИИБдин жетекчилиги 4 айдын жыйынтыгы боюнча журналисттерге маалымат берген жыйында айтылды.

ШИИБдин башчысы Мурат Бороновдун айтымында, сойкулукка каршы иштер күчөтүлгөн.

«Ош шаарында 3 сойкукананын уюштурулушу боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Мындай жайлар, суткага берилген батирлер дагы текшерилет. Сойкулукка каршы күрөш күн санап күчөтүлүүдө», - деди М.Боронов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×