Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 15.05.2018 09:39

Ош шаарынын айрым аймактарында 15-16-майда электр жарыгы өчөт

Turmush -  Ош шаарынын айрым аймактарында 15-16-май күндөрү саат 09:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгы өчүрүлөт. Чектөөлөр 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине энергетикалык объектилерди даярдоо иштерине байланыштуу.

Электр жарыгы убактылуу өчүрүлө турган даректер:

- 15-май күнү №8 «Ак-Буура» аймактык кеңешине караштуу Столичный, А.Шакиров 269, 269 а, Жумабаев, Салык инспекциясы, Каржы полициясы, Шевченко мектеби, Депутат, Мехнат, Увамский, Зеленый, Москва, Абдуллаев, Заречной, Жалал-Абад, Баратов, Ленинград, Мадумаров, Ак-Алтын, Демократ, Памир көчөлөрүндө;

- №10 Курманжан датка жана Достук аймактык кеңештерине караштуу Фрунзе кичи районунун базары, ШКТ району, А.Шакиров 8, 9, 11, шаардык ӨКМ, Касымалиев, Панфилов, Некрасов, Спортивный, 1, 1а, Ленин, Алиев, Чапаев, К.Датка, Вишневый, Ташкент кең көчөлөрүндө;

- №3 «Сулайман-Тоо» аймактык кеңешине караштуу «Мээрим» бала бакчасында, В.Ленин мектебинде, облустук китепканада, автотрест, А.Навои, Курманжан датка, Алебастров, Жупас, Новый, Телман, Парижская Комунна, Давыдов, 1-май, Токтогул, Умурзаков, Богданов, Нематов, кол өнөрчүлөр көчөсүндө;

- ошондой эле 16-май күнү Шарк айыл өкмөтүнө караштуу Фуркат, Таштак айылдарында, Маруфий, Бабур, Бакин, Кош-Таш көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×