Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 14.05.2018 18:10

700 жаштын башын бириктирген жолугушуу: Спортто кыздар чыдамдуу болот, - балбан А.Тыныбекова

Turmush -  Бүгүн, 14-майда Ош улуттук драма театрында «Ийгиликке жол» аттуу шыктандыруучу жолугушуу өтүп, ага 700дөн ашуун жаштар катышты.

Аймактык кабарчынын маалыматына караганда, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, «Ыйман» фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков, белгилүү балбан кыз Айсулуу Тыныбекова, өлкөдөгү эң жаш профессор Алмаз Бейшеналиев, 8 тилде эркин сүйлөгөн Сейтек Качкынбаев, режиссер Элнура Осмоналиева катышты. Алар жаштардын сунуштарын угуп, кызыккан суроолоруна жооп беришкен.

Жолугушуунун жүрүшүндө балбан кыз Айсулуу Тыныбекова спортто кыздар чыдамдуу болорун белгиледи.

«Спорт чуркоо же булчуңдуу болуу эмес. Спорттун негизи — билим. Адам китеп окуу менен гана максатына жетет. Мен да өзүмдү психологиялык жактан чыдамдуу кылуу үчүн китеп окуйм. Кайра жаралсам да спортту тандайт элем. Спорт аркылуу эл-жер көрдүм. Спортту тандаганыма өкүнбөйм. Спортто кыздар чыдамдуу болот», - деди А.Тыныбекова.

Иш-чара депутат Жанар Акаевдин демилгеси менен уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×