Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Ош шаарынын мэринин жубайы өз өмүрүнө кол салганы жалган, - мэрия

Turmush -  Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин жубайына байланышкан сөздөр жөн гана ушак. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлады. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы да мэрдин жубайына байланыштуу ушак сөздөр айтылганын билдирип, «кара пиар» деп атады.

Буга чейин социалдык тармактарда Ош шаарынын мэринин жубайы өз өмүрүнө кол салып, ооруканага жаткырылды деген сөздөр тараган. Бул маалыматты Ош шаарындагы облустук жана шаардык оорукананын өкүлдөрү да четке каккан болчу.

-------------------------------------------------------------------------------------

Turmush басылмасынын кабарчысы 2017-жылды тосуунун алдында А.Кадырбаевдин жубайы Чолпон Исмаилованын ашканасы менен таанышкан болчу.

Кесиби боюнча дарыгер айым үй-бүлөсүнө витаминге бай салаттарды жасап берет. Анын айтымында, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, мэрдин сүйүктүү тамагы — күрүчтөн жасалган тамактар.

«Жаңы жылды утурлай дасторкондун камылгасын көрүп жатам. Биз жаңы жылды жыл сайын туугандар менен бирге тособуз. Быйыл тоок жылы болгондуктан тооктун этинен даярдалуучу тамактарды, салаттарды жасайм. Биздин үй-бүлөнүн сүйүктүү тамагы — палоо. Акыркы он жылдан бери күрүч тамактарга көп басым жасайбыз. Балдарым оливье салатын жакшы көрүшсө, жолдошум сабизден, капустадан жасалган салаттарды жактырат», - деген ал.


Чолпон айым ашкана сырын жаш кезинен эле өздөштүргөн. Анын мыкты кожейке болуусуна апасынын салымы чоң.

«Мен өзүм Бишкек шаарында чоңойгом. Бирок апам тамак бышырууну мага кичине кезимден тартып үйрөткөн. 6-класска келгенде камыр тамактардын барын жасай алчумун. Камырдан жасалган тамактарга караганда күрүч адамдын ден соолугуна пайдалуу, ошондон улам бизде камыр тамактар аз жасалат. Өзүм медицина тармагында эмгектенгендиктен витаминдүү тамактарды жасайм. Бардык тамакка көк чөптөрдүн түрүн кошом», - деди Чолпон айым.

Жубайлар 2 кыз, 1 уулдун ата-энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8667
×