Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Ош

Ош шаарында жарылып калган эски суу түтүктөр алмаштырылат

Turmush -  Ош шаарынын Ак-Буура аймактык кеңешине караштуу А.Масалиев көчөсүндөгү №10, 12, 14 көп кабаттуу үйлөргө суу баруучу түтүк жарылып калгандыктан, түтүктөр алмаштырылат. Бул тууралуу Ош шаардык сууканал муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, №10, 12, 14 көп кабаттуу үйлөрдү камсыз кылуучу 300 мм болгон темир суу түтүгү 1965-1970-жылдары курулуп, эскилиги жетип чирип калган.

«Ал жерде чындыгында көйгөй бар. Буга чейин Ош шаардык сууканал ишканасы, суу түтүгү жарылган учурда барып оңдоп турган. Май айында ишкана тарабынан каражат бөлүнүп, түтүктөр алмаштырылат», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Ош шаарынын Ак-Буура аймактык кеңешине караштуу А.Масалиев көчөсүндөгү №10, 12, 14 көп кабаттуу үйлөргө суу баруучу түтүк жарылып калгандыгын, анын кесепетинен бул аймакта жыл бою суу агып тургандыгын жергиликтүүлөр маалымдашкан.

Жашоочулардын айтымында, суу чыккан жер көлчүккө айланып, Ош шаардык суу чарба ишканасы убактылуу гана жамоо иштерин жүргүзүп келет. Суу түтүгүн жарып чыккан суу көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүнө чейин кирген учурлар да болгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 884
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×