Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 11.05.2018 13:36 Жаңыланды: 11.05.2018 15:34

Кытай Ош шаарынын борбордук аянтын оңдоп баштады

Turmush -  Ош шаарынын борбордук аянты 2 айлык мөөнөткө жабылат. Мындай чечим капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталгандыгына байланыштуу.

Мэриянын маалыматы боюнча, аянтты оңдоо иштерине Кытайдан грант катары 27 млн сомго жакын акча жумшалат. Жалпы 900 чарчы метр аянтка толугу менен асфальт басылып, четиндеги тротуарлар жаңыланып, арыктарга чейин оңдолот. Курулушту Кытайдын «China road» компаниясы жүргүзүп, 2018-жылдын 15-июлунда бүткөрүү пландалып жатат.

Ош шаарынын борбордук аянтында 9-май күнү Жеңиш майрамы салтанаттуу белгиленген болчу.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×