Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 10.05.2018 15:54

Чернобыль апаатынын катышуучусу Алексей Деменин көз жумгандан кийин үйү талашка түштү (видео)

Turmush -  Чернобыль окуясына катышып майып болгон Алексей Деменин көз жумгандан бир ай өтпөй Ош шаарындагы үйү талашка түшкөн. Алексейдин үйүнө мураскер болгон бир тууган агасынын уулу Никита Деменин, агасынын үйүн кайтарып алуу үчүн Ош шаардык сотуна кайрылганын билдирди.

Анын айтымында, Алексей Деменин психикалык жактан жабыркагандыктан, кошунасы «камкордук кылам, тууганы болом» деген жүйөө менен үйүн өзүнө өткөрүп алган. Ош шаардык соту үйдү кошунасына бергенин айткан жактоочулар, ишенимдүү мыйзамдуу өкүлдөр бүгүн, 10-майда АКИпресс-Ошто маалымат жыйын курушту.

«Линия Закона» коомдук фондунун жетекчиси Рахат Досбаеванын айтымында, кошунасы үйдү алдоо жолу менен тартып алган.

«Алексей Демениндин үйү ага ата-энесинен мураска калган. Алексей 2 бир тууган болгон. Анын бир тууган иниси Вадим Деменин 1999-жылы көз жумган болчу. Вадимдин баласы Никита Деменин бар. Алексей Деменин өткөн жылы оорудан улам көз жумду. Ал Чернобыль окуясынын катышуучусу, 3-топтогу майып болгондон бери Ош шаарындагы психикалык ооруканада каттоодо турган. Ага кошунасы жардам берип жүрүп үйүн өткөрүп алыптыр. Бирок бул тууралуу Алексей билген эмес.

Үй мыйзам боюнча Вадим Демениндин уулу Никита Деменинге берилиши керек. Ал атасы каза болгондон кийин апасы менен Россияга кетип, азыр Россиянын жараны. Оштогу үйү алдоо жолу менен башка адамга берилгенине байланыштуу өзүнө кайтарып алууну каалайт», - деди Р.Досбаева.

Ал эми Никитанын жактоочусу Замир Ходжаевдин айтымында, үйдү сатып алган аял камкордук көрсөтүп жатам деген жүйөө менен документке кол койдуртуп алган.

«Үйдүн азыркы ээси камкордук көрсөтүп жатам, аялы болом, айрым документтерге тууганы болом деген негиз менен үйдү өзүнө өткөрүп алган. Сатып алган аял ар кандай маалыматтарды берип жатат. Бирде 1 млн сом бердим деп айтат, бирок эч кандай документ жок, тил кат да жаздырып алган эмес. Анткени Алексей 50 сом менен 500 сомду айырмалай алчу эмес. Биз бул ишти көзөмөлгө алуу суранычы менен президентке чейин кайрылдык. Президент кайрылууну Башкы прокуратурага жөнөткөн. Башкы прокуратура Ошко жөнөтүп, бирок иш чечилбей, эч кандай чара көрүлбөй келет. 5 жолу сот отуруму болуп, экинчи тараптын пайдасына чечилген. Айкындуулук, адилеттүүлүк болбой, биз кайрадан президентке кат жолдогонго мажбур болуп жатабыз», - деди З.Ходжаев.

Арыз ээсинин мыйзамдуу өкүлү Татьяна Каравашкинанын айтымында, экинчи тарап берген ишеним каттар туура эмес болгонуна карабай, сот адилеттүү өкүм чыгарган эмес.

«Кагазда көрсөтүлгөн айрым даталар менен айрым учурлар дал келбей жатат. Батирди сатууга кол коюлган күнү Алексей инсульт болуп жыгылган. Биз документтерди так көрсөтүп турсак дагы, Ош шаардык соту акыйкат караган жок», - деди Т.Каравашкина.

Ал эми экинчи тараптын жактоочусу Ибрагим Жураев маалымат бере албай турганын айтып, баш тартты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×