Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 10.05.2018 11:01

Майрам күнү Ош шаарында 22 кылмыш-кырсык катталды

Turmush -  Жеңиш майрамы белгиленген күнү Ош шаарынын аймагында 22 кылмыш жана кырсыктар катталды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, оор кылмыштар болгон эмес. Катталган кылмыштардын майрамдык салтанаттарга тиешеси жок. Тактап айтканда, кечээ, 9-майда 2 жол кырсыгы, 5 уурулук, 3 алдамчылык жана башка кылмыштар катталып, баарынын бети ачылган.

Ошондой эле Ош облусунун аймагында Жеңиш майрамына арналган маданий иш-чараларда мыйзам бузуулар катталган жок. ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, майрам күнү облустун Ош шаарынан башка аймагында 21 кылмыш катталып, оор кылмыштар болгон жок. Бул күнкү 5 уурулук, 2 алдамчылык жана башка кылмыштардын бети ачылган.

Кара-Суу районунун аймагында жөө жүргүнчүнү автоунаа сүзүп кетип, денесинен жаракат албагандыктан арыз жазган эмес. Майрам күнү облус аймагында коомдук тартипти миңден ашык милиция кызматкерлери көзөмөлгө алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×