Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 09.05.2018 16:09

Оштогу милиционерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Turmush -  Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 9-май — Жеңиш күнүнө карата күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, бүгүн эртең менен Ош ШИИБдин башчысы Мурат Боронов шаар аймагында мыйзамсыз иштерди болтурбоо, алдын алуу максатында кызматкерлерге көзөмөл иштерин күчөтүүгө буйрук берген. Ал эми шаар ичинде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 600дөн ашуун кызматкер иштеп жатат.

Акыркы сааттарга алынган маалыматтарга караганда, майрамга байланышкан мыйзам бузуулар катталган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×