Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 09.05.2018 15:31

25 жыл Ош облустук милициясында эмгектенген согуштун ардагери К.Исмаиловду кесиптештери куттукташты (фото)

Turmush -  Ош шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун 97 жаштагы ардагери, милициянын отставкадагы майору Каим Исмаиловду ОИИБдин башчысы Малик Нурдинов Жеңиш майрамы менен куттуктады.

К.Исмаилов Ош облустук ички иштер башкармалыгында 25 жылдан ашуун кызмат өтөп, ардактуу эс алууга чыккан. Ал 1942-жылдын май айынан 1946-жылдын июль айына чейинки мезгилде кырчындай жаштык кезин согуш талаасында өткөргөн. Согуштан кайтып келгенден кийин Ош облустук элдик ички иштер комиссариатынын катардагы милиция кызматкери болуп кызмат өтөп, 1974-жылы 10-майда Араван райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы кызматынан ардактуу эс алууга чыккан.

Ал 3 уул жана 7 кыздын атасы. Ардагерди Улуу Жеңиштин 73 жылдык мааракеси менен М.Нурдинов куттуктап, акчалай жардам көрсөтүп, баалуу белектерди тапшырды.

Учурда Ош облустук ички иштер башкармалыгында кызмат өтөп ардактуу эс алууга чыккан согуштун 1, ооруктун 6 ардагери бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×