Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 09.05.2018 15:00

Оштогу аскерлер согуштун ардагерлери менен жолугушту

Turmush -  Бүгүн, 9-майда Ош шаарындагы Куралдуу күчтөрдүн И.В.Панфилов атындагы 8-гвардиялык мото аткычтар двизиясындагы жоокерлер Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Адаев Жолдош ата менен жолугушту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, аксакал жоокерлерге согуш учурундагы күндөрүн баяндап, акыл-насаатын айтты. Мекенди коргоодо керектүү тажрыйбаларын айткан ардагердин кеңештерин аскерлер жылуу кабыл алышты.

Андан сырткары 8-гвардиялык мото аткычтар дивизиясынын командири Талантбек Эгершов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Муктар Нургазиевдин үйүнө барып куттуктап, акчалай сыйлыктарды жана жоокердик белектерди тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×