Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 09.05.2018 13:08

Жолдошбай ата кан кечкен согуштан кийин 2 жыл бою Сталин турган аймакты, немистердин генералдарын кайтарган (фото)

Turmush -  Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы жалгыз ардагер Жолдошбай Адаев 95 жашта. Ал 18 жашында согуш талаасына аттанып, 3 жыл Украинанын чоң шаарларын, Москва, Сталинград шаарларын фашисттерден бошотууга салым кошкон. Ал эми согуш бүткөндөн кийин эки жыл немистердин туткунга түшкөн генералдарын кайтарган түрмөдө күзөтчү болуп эмгектенген.

Согуш ардагери Жеңиш күнү Кызыл аянтта белгиленгенин, салтанаттуу жүрүштү ушул күнгө чейин кубануу менен эстеп, жаш муундарга айтып келет. Жолдошбай аксакал майданга 1943-жылы согушка товар алып кетүүчү поезд менен кеткен.

«Ошко поезд келип, бизге окшогон 18 жашка эми чыккан жаш уландарды алып кетти. Поезд жүргүнчүлөр үчүн эмес, товар алып кетүүчү поезд экен. Жолдон Кызыл-Кыя, Лейлектен, Кара-Суу, Жалал-Абаддан дагы вагон-вагон жаш балдар келишти. Баарыбыз Ташкентке бардык. Ташкенттен 5-6 вагон менен Фрунзеден келген балдар кошулуп, бир поезд болуп, 7 күндө Москвага жеттик. Бизди 2-3 ай окутушту. Мен барган аскердик бөлүк 79-аткычтар полку экен. Биз ал жерден танкаларды, унааларды аткан оор куралдарды ийинибизге коюп атканды үйрөндүк. 1943-жылы Москваны фашисттерден бошоттук. Немистер Москваны ала албай, батышты карай Сталинградга кеткен экен.

Москваны бошоткондон кийин Калуга деген шаарды бошоттук. Ал эми Сталинградды биздин Кызыл армия бошотту. Бизге экиден курал беришип, "бири менен танкаларды, экинчиси менен душмандарды атасыңар" деди. Немистер биринчи танкаларын жөнөтүп туруп, артынан жабалактап өздөрү келишчү. Биз душманды шаарга киргизбей, бизге жакындата койбой атып турчубуз. Калуганы бошоткондон кийин Украинаны көздөй жөнөдүк. Украинанын Бахмач, Конотоп, Киев шаарларын бошоттук. Андан кийин Балтика деңизинин жээгинде Латвия, Эстонияга алып барышты. Ал жерден колго түшкөн немистерди коштоп барып, Ленинградга тапшырып турдук», - деди ал.

Жолдошбай аксакал Жеңиш күнү колго түшкөн немистердин байрактары кызыл аянтта өрттөлгөнүнө күбө болгон.

«1945-жылы СССРдин аймагы толугу менен душмандардан бошотулуп, 9-майда Жеңиш күнү Кызыл аянтта белгиленди. Салтанаттуу жүрүштөн алгач оор техникалар өттү, андан соң армия өтүп, немистердин байрактары борбордук аянтка топтоло берди, карасам үйдөй болуп кетиптир. Желектердин саны эсепсиз эле. Ага бензин чачып өрттөп салышты. Ошол күнү бизге «Германияны жеңгендиги үчүн» деген медаль берилген. Согуштан кийин жашы улууларга үйлөрүнө кетүүгө уруксат берилип, бирок бизди алып калышты. Согуштан кийин 2 жыл негизги объекттерди корудум. Сталиндин турган жерин, институттарды кайтардым. Ошол жерде душмандардын генералдарын камай турган түрмөсү бар эле. Түрмөнү биз 2-3-кабаттан карап кайтарып жүрдүк. 1947-жылы июль айында гана үйгө кетүүгө уруксат алдым», - деди ардагер.

Жолдошбай аксакал согуштан кайтып келгенден кийин 1948-жылы Бүсайра энеге баш кошкон. Учурда аксакал 95 жашка келсе, жубайы 91 жашта. Ардагер жыл сайын Жеңиш майрамын бала-чакасынын жанында тосот. Аксакалдын 4 кызы, 20 небереси, 46 чөбөрөсү жана 7 кыбырасы бар.

Жолдошбай аксакал өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн балдарга билим берүү менен өткөрдү. 1984-жылы пенсияга чыгып, жыл сайын жаштарга согуш тууралуу башынан өткөргөн окуяларын айтып, жолугушууларга барып турат. Учурда 95 жашка чыкканы менен жеңил жүргөн ардагердин айтымында, буга ар дайым кыймылда жүргөнү себеп.

Жолдошбай Адаев жөн отурбай короодогу майда жумуштарды аткарууга аракет кылып, ар тараптан атайын келген адамдар менен согуш тууралуу сүйлөшүп, батасын да берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×