Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Ош

Видео, фото - Ош шаарында Жеңиш күнү биринчи вице-премьер-министрдин катышуусунда белгиленип жатат

Turmush -  Ош шаарынын борбордук аянтында Жеңиш майрамынын салтанаттуу бөлүгү башталды. Майрамдык салтанатка согуштун жана ооруктун ардагерлери, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, шаар тургундары жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып жатат, деп билдирди кабарчы.

Мэр жалпы элди Жеңиш күнү менен куттуктап, Улуу Жеңиштин туусу ар дайым желбирей беришин каалады. Ал эми биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов да жалпы элди майрамы менен куттуктап, бул күнгө жетүү үчүн аталар кан кечип, өмүрлөрүн арнаганын айты.

Аянтта Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына арналып согуш темасын камтыган театрлаштырылган оюн-зоок, спектаклдер көрсөтүлүп жатат. Согуш ардагерлери үчүн аскер бөлүктөрүнүн талаа ашканасы тарабынан даярдалган ботко берилип, ыр-бий тартууланат. Ошондой эле саат 12:00дөн тарта Сай-Бою көчөсүндө жайгашкан «Жайкы сахнада» (подиум) майрамдык чоң программадагы концерт шаардыктарга, келген конокторго тартууланат.

Майрам күнү шаардыктар үчүн спорттук иш-чаралар да уюштурулуп, бардык эс алуу жайларда элдик майрамдоо уланмакчы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1943
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×