Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Ошто Жеңиш күнүнө карата окуучулардын арасында футбол боюнча турнир өттү (фото)

Turmush -  Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан кечээ, 7-майда Жеңиш күнүнө карата футболдук мелдеш уюштурулду.

Спорттук иш-чара Амир-Темур аймактык кеңешинде жайгашкан Фетченко мектебинде өтүп, ага 500гө жакын футболчу катышкан. Турнирде шаардагы бардык кеңештердеги 7-9-класста окуган окуучулар таймашты.

Жыйынтыгында 1-орунга Фетченко мектебинин, 2-орунга №46 мектептин, ал эми 3-орунга Курманжан датка жана 70-жылдык мектебинин окуучулары ээ болушту. Ошондой эле мелдеште өзгөчөлөнгөн окуучулар да сыйланды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 504
×