Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Ош

Ош шаарынын айрым аймактарында 10-11-майда электр жарыгы өчөт

Turmush -  Ош шаарынын айрым аймактарында 10-11-май күнү саат 09:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгы өчүрүлөт. Чектөөлөр 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине энергетикалык объектилерди даярдоо иштерине байланыштуу.

Электр жарыгы убактылуу өчүрүлө турган даректер:

- 10-май күнү Ош шаарынын №4 Ак-Тилек аймактык кеңешине караштуу Эсенжанов көчөсүндө, Анар кичи шаарчасында, №52, №50 мектебинде;

- №5 «Керме-Тоо» аймактык кеңешине караштуу Осмонов көчөсүндө, Бекбалиев №11, №12 үйлөрдө, атайын мектепте;

- №8 Ак-Буура аймактык кеңешине караштуу Нурматов көчөсүндө, Грензавод аймагында, №4 автобаза, «Санрайз», «Шанхай сити» мейманкаларында;

- Жапалак айыл аймактык башкармалыгына караштуу Жапалак, Төөке, Кеңеш айылдарында, №36806 аскер бөлүгүндө, Коргон участкасында;

- Шарк айыл өкмөтүнө караштуу Таштак айылында, Кош-Таш көчөсүндө;

- Төлөйкөн айылына караштуу Мамытов, Күреңкеев, Саргалчаева көчөлөрүндө, кургак учук санаториясында;

- ошондой эле 11-май күнү саат 09:00дөн 17:00гө чейин Ош шаарынын №8 Ак-Буура аймактык кеңешине караштуу Нурматов көчөсүндө, Грензовод аймагында, №4 автобаза, «Санрайз», «Шанхай сити» мейманкаларында;

- №4 Ак-Тилек аймактык кеңешине караштуу №4 поликлиника, Өскөналиев, Комсомольская көчөлөрүндө, Рембыт техника аймагында.

- Шарк айыл өкмөтүнө караштуу Фуркат айылында, Маруфий, Бабур, Бакин көчөлөрүндө электр жарыгы өчөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 921
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×