Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Ош

Эже-сиңдинин мыкаачылыгы: Ош облустук соту кайненесин башын кесип өлтүргөн келиндин жазасын күчөттү

Turmush -  Ош облустук соту кайненесинин башын кесип өлтүргөн келин менен анын эжесине өкүм чыгарды. Бул тууралуу жабырлануучу тараптан кабарлашты.

2018-жылдын 2-февралында Ош шаардык соту кайненесин мыкаачылык менен өлтүргөн келин — 1992-жылы туулган У.А. 20 жылга, кылмышка көмөктөшкөн эжеси — 1980-жылы туулган Г.К. 4 жыл 6 айга эркинен ажыратылсын деген чечим чыгарган болчу. Буга макул болбогон жабырлануучу — маркумдун уулу (айыпталган келиндин күйөөсү) Ош облустук сотуна кайрылган.

Жыйынтыгында облустук сот жаза мөөнөтүн көбөйтүп, негизги айыпталуучу келинге 24 жыл 6 ай, эжесине 5 жыл жаза мөөнөтүн өтөө өкүмүн чыгарды. Өкүм апрель айынын башында чыккан. Мындан кийин жабырлануучу тарап Жогорку сотко кайрылган эмес.

Айыпталуучу У.А.

А 5

Шектүү келиндин эжеси Г.К.

А 6

Окуя тууралуу:

2017-жылы 27-август күнү саат 10:30 чамасында Ош мамлекеттик социалдык университетинин имаратынын түштүк тарабындагы таштанды салынуучу контейнердин ичинен «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери тарабынан аял кишинин башы жок денеси табылган. Ыкчам тергөө тобу маркум Оштогу Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылынын 1966-жылы туулган тургуну А.Жумагүл экенин аныктаган.

Таштанды салынган контейнерден маркумдун кофтасы, жансыз дене оролгон кѳшѳгѳ, жүк жапкыч жана чаар баштык да чыккан.

29-августка караган түнү саат 01:00 чамасында бул оор кылмышка шектүүлөр – 1992-жылы туулган У.А. жана 1980-жылы туулган Г.К. Ош ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү тарабынан кармалган.

Шектүү келиндин көрсөтмөсү боюнча, кайын энеси уулу менен жашатпай турганын айтып келген. Маркум аял окуяга чейин эки күн мурун уулу менен келини жашап жаткан үйгө мейманга барганы маалым болду.

Маркум аял, шектүү келин жана анын эжеси дагы үй-бүлөлүү. Соттолгон келин 1 уул, 1 кыздын энеси. Учурда балдары атасы менен бирге жашап жатышат.

Өз келининен ажал тапкан эне Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылындагы үйүнөн 31-август күнү акыркы сапарга узатылган. Диний кызматкерлер башы табылбай жаткан аялды жерге берүүгө уруксат беришкен болчу.

Ош ШИИБдин расмий билдирүүсүндө: «26-август күнү эртең мененки саат 07:00 чамасында келиндин күйөөсү жумушуна кеткенде келин менен кайын эненин ортосунда кайрадан ажырашуу тууралуу чыр чыккан. Болжол менен саат 09:00 чамасында ачууланган келин сырттан таш алып кирип, кайын энесинин башына бир нече жолу урган. Анын каза болгонун билгенден кийин өзүнүн бир тууган эжесине телефон чалып, окуяны билдирген. Окуя маркумдун уулунун Ош шаарынын Навои кѳчѳсүндѳ жайгашкан үйүндө болгон.

Денени эжесинин Анар кичи районундагы үйүнө такси менен алып барып, балконго чыгарып коюшкан. Андан соң эжеси экѳѳ кеңешип, түштөн кийин балдарын сыртка алаксытып чыгарып, денени кескилеп, баштыкка салышкан. Алгач башын кесип, андан кийин буттарын дагы кескилөөгө аракет кылып, бирок кесе албай коюшкан. Түн киргенге чейин балкондо турган денени саат 21:30-22:00 чамасында такси менен Курманжан датка көчөсүндөгү таштанды челекке таштап кетишкен. Ал эми маркумдун башын эжеси К.Маркс мектебинин жанындагы таштанды салуучу контейнерге таштаганын айтууда. Учурда маркумдун башы табыла элек», - деп айтылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3681
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×