Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Уулун сабап өлтүргөн келин сойкулук менен алектенип жүргөн: Ош шаардык соту аны 13 жылга кести (фото, видео)

Turmush -  3 жашка толо элек Бексултанды катуу сабап өлүмгө жеткирген өз апасы күнөөсүн мойнуна алган жок. Ал өз көрсөтмөсүндө баласын 2015-жылдын 25-июлунда Ош облустук төрөт бөлүмүндө төрөгөнүн, Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде З.Ж. аттуу аял, анын баласы жана маркум уулу менен чогуу жашап жүргөндүгүн айткан.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, соттолуучу бирге жашаган аял аны интимдик кызмат көрсөтүүгө ар кайсы эркектерге жөнөтүп жүргөндүгүн айтууда. Бул окуя 2018-жылдын 3-февралында да кайталанган.

Айыпталуучу сот залында: «Сыртка чыкканы жасанып жатканда баламдын ыйлаган үнүн угуп, үйгө кирсем чогуу жашаган З.Ж. депкир менен сабап жатыптыр. Анын колунан депкирди алып койгом, бирок балам ошол боюнча эсине келбей каза болду», - деп айтып, актап чыгарууну суранган.

Ош шаардык соттун өкүмү

Ош шаардык соту өз баласын сабап өлтүргөн 24 жаштагы аялга 2-май күнү өкүм чыгарды. Соттун өкүмү менен айыпталуучу А.Д. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесиндеги 4-бөлүм («Саламаттыкка атайылап өлүмгө жеткирүүчү оор залал келтирүү») менен күнөөлүү деп табылып, 13 жылга (жабырлануучунун ден соолугуна өлүмгө жеткирүүчү зыян келтирген кылмыш үчүн 8 жылдан 15 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган) эркиндигинен ажыратылды.

Ал жазаны эркиндигинен ажыратылган аялдардын абагында өтөй турганын облустук соттун басма сөз кызматынан кабарлашты. Бирок бул өкүм акыркы эмес жана нааразы тарап апелляциялык тартипте Ош облустук сотуна даттанууга укуктуу.

------------------------------------------------------------------

Апасы катуу сабагандан кийин эс-учун жоготуп, ооруканада каза болгон Бексултандын сөөгү Ош шаарындагы борбордук көрүстөндө жерге берилген. Наристеге Ош шаарынын борбордук Сулайман-Тоо мечитинде 2018-жылы 12-февралда жаназа окулуп, жүздөн ашуун адам катышты. Аны жерге берүүдөн тайлары баш тарткан эле.

3 жашка толо элек баласын депкир менен эс-учун жоготкуча сабаган эне...

Ош облустук балдар ооруканасына катуу сабалган 2 жаш 8 айлык Бексултан 2018-жылы 4-февралга караган түнү жеткирилген. Андан көп узабай баланы оор абалга жеткирген деген шек менен 24 жаштагы апасы кармалып, убактылуу камакка алынган.

Шектүү келин алгачкы көрсөтмөсүндө: «Баламды катуу уруп алган окшойм. Депкир менен бутуна, башына, аркасына урдум. Башына катуу тийиптир. Балам шымына сийип койгону үчүн урдум. Атасы менен ажырашып кеткем. Эмне болуп кеткенин билбейм. Ооруканага эжем экөөбүз алып бардык. Ошто эжемдин үйүндө эжем, анын баласы, мен жана балам болуп жашайбыз», - деген.

Бексултан 11-февралда кечинде ооруканада көз жумду.

Шектүү


Подозревамая в избиении 3-летнего Бексултана мать задержана

Ош облустук балдар ооруканасынын реаниматолог дарыгери Ташибай Алиевдин айтымында, баланын денесинде мурда да сабалган тактар болгон.

«2 жаш 8 айлык бала өтө оор, эсин жоготкон абалда келген. Жүрөгү эле согуп жаткан. Жасалма дем алдыруу менен жардам көрсөттүк. Мээси да катуу чайкалып, эки бөйрөгү эзилип калган. Денесинде көп тактар бар экен. Аны менен мурда да ур-тепкиге алынганы билинип турат. Баланы тепкичтен жыгылып түштү деп алып келишкен», - деген Т.Алиев.

2,5 жаштагы уулун комага түшкүчө сабаган келиндин турмушка чыгып, балалуу болгонун ата-энеси билген эмес

Turmush басылмасынын кабарчысына Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Батина Токобаева билдиргендей, Бексултандын апасы кичине кезинен өгөй эненин колунда тарбияланган. Ал 2014-жылы үйүнөн чыгып кеткен бойдон ата-энесине кабарын билдирген эмес.

«Келиндин ата-энесин сүрүштүрдүк. Анын ата-энеси кичине кезинде ажырашып, атасы чоңойтуптур. 2 жашынан баштап өгөй эненин колунда өскөн. 2014-жылы үйүнөн чыгып кетип, дайынын билдирбей келген. Туугандары анын турмушка чыкканын, баласы бар экенин дагы билген эмес.

Бексултандын апасы 3 бир тууган. Эжеси Казакстандын жашоочусуна турмушка чыгып, сиңдиси Москвада эмгектенет экен. Биз азыр кыздын бир туугандарын издеп жатабыз», - деген Б.Токобаева.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8155
×