Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Ош

Ошто жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, качып кеткен 18 жаштагы айдоочу кармалды

Turmush -  Ош шаарында жөө жүргүнчүнү унаасы менен сүзүп өлтүрүп, качып кеткен 18 жаштагы айдоочу кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, айдоочу 4-майга караган түнү «Ниссан Примера» үлгүсүндөгү унаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп өлтүргөн. Милиция кызматкерлеринин издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү унааны жылуулук борборунун жанына токтотуп, өзү качып кеткени аныкталган. Кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган Т.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Маалыматта белгиленгендей, аталган кырсыктын кесепетинен каза болгон жарандын өздүгү аныкталып, ал 1968-жылы туулган Б.К.А. экени такталды. Ал буга чейин Ош шаарынын У.Салиева көчөсүндө жашап, акыркы мезгилдерде туруктуу жашаган жери жок болгон. Ал эми кармалган айдоочу шаардагы соода борборлорунун биринде кароолчу болуп иштейт. Шектүү кырсыкка кабылган автоунааны жакында эле сатып алган.

Буга чейин Ош шаарында автоунаа сүзүп, экинчи унаа бир нече метрге чейин сүйрөп кеткен эркек киши каза болгону маалымдалган. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, окуя 3-майда саат 23:00 чамасында болгон.

Күбөлөрдүн айтымында, белгисиз унаа А.Масалиев проспектисинде бара жаткан. Анын айдоочусу жөө адамды сүзгөндөн кийин окуя болгон жерден из жашырган. Ал эми анын артынан катуу ылдамдыкта бара жаткан унаа маркумду бир нече метрге чейин сүйрөп кеткен. Экинчи айдоочу унаасын токтотуп, жабырлануучуга жардам көрсөтүүгө аракет кылганы менен оор жаракаттын кесепетинен көп узабай көз жумган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1271
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×