Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Видео - Ошто жөө адамды автоунаа сүзүп, экинчи унаа бир нече метрге чейин сүйрөп кетти

Turmush -  Ош шаарында автоунаа сүзүп, экинчи унаа бир нече метрге чейин сүйрөп кеткен эркек киши каза болду. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, окуя 3-майда саат 23:00 чамасында болгон.

Күбөлөрдүн айтымында, белгисиз унаа А.Масалиев проспектисинде бара жаткан. Анын айдоочусу жөө адамды сүзгөндөн кийин окуя болгон жерден качып кетти. Ал эми анын артынан катуу ылдамдыкта бара жаткан унаа маркумду бир нече метрге чейин сүйрөп кеткен. Экинчи айдоочу унаасын токтотуп, жабырлануучуга жардам көрсөтүүгө аракет кылганы менен оор жаракаттын кесепетинен көп узабай көз жумган.

Азырынча маркумдун өздүгү тактала элек. Териштирүү иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2559
Көп окулду
×