Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Ош

Студенттин өлүмү: 7 шектүүнүн ата-энеси президентке кайрылуу жолдоду (видео)

Turmush -  Бүгүн, 3-майда АКИpress-Ошто студенттин өлүмүнө шектүү катары кармалган балдардын ата-энелери маалымат жыйын куруп, президентке кайрылуу жолдошту. Маалымат жыйынга келген ата-энелер уулдары күнөөсүз камалганын, тергөө иштери чабал жүргөнүн айтууда.

IMG-20180503-WA0277

Шектелип кармалган балдардын биринин атасы Руслан Бакиров студенттин өлүмүнө балдардын тиешеси жок экенин айтты.

«2017-жылдын 3-декабрында бизди чакырышты. Барсак балдарыбыз студенттин өлүмүнө күбө катары суралып жатканын айтышты. Кийин балдарыбызды ушул окуяга тиешеси бар деп адам өлтүрүү фактысы менен кылмыш ишин козгоп, камап койду. Соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Ошондон бери 5 ай өттү, бирок тергөө жакшы жүрбөй жатат. Биз бир нече далил фактыларды келтирип бергенбиз. Ага карабай тергөөчүлөр адам өлтүрүү, адам уурдоо фактылары менен ишти тергеп, сотко өткөргөнү жатат. Эгер тергөөчүлөр так тергөө жүргүзгөндө көп адамдар суралмак. Каза болгон студент баланын бөлмөлөштөрү аны эмне себептен үйгө киргизбей койгону боюнча сурак болгон жок.

Биз балдарыбызды толук актап бергиле дебейбиз. Ишти акыйкат териштирип, аларды боштондукка чыгарып, сурак жүргүзүүнү улантууну суранабыз. Балдарыбыз бул ишке эч кандай күнөөсү жок экенин айтып жатышат», - деди ал.

Ошондой эле шектүү студенттин апасы Айнагүл Танаева акыйкат териштирүүнү өтүнүп, президентке кайрылды.

«Акыйкат териштирүү болсун. Күнөөсү болсо камалсын, бирок биздин балдарыбыз эми 17 жашка чыкты. Бул ишке барбайт. Биз менен сүйлөшкөн учурда ак экенин айтып, ыйлап жатат. Күнөөсүз жаш балдардын тамырына балта чаап албайлы. Президенттен ушул ишти көзөмөлгө алууну суранабыз», - деди А.Танаева.

Ал эми шектүү катары кармалгандардын жактоочусу Самат Эркинбаев буларды айтты.

«Студенттин өлүмү боюнча Ош ШИИБдин тергөөчүлөрү кылмыш ишин козгогон. Бирок тергөө амалдары толук кандуу жүргүзүлгөн эмес. Адам өлтүрүү фактысы боюнча иш козголгондон кийин дүкөндөргө коюлган видеокамералардагы тасмалар алынган эмес. Биз ал байкоочу камераларды алганыбызда ушул окуя түшүп калган. Андан белгилүү болгондой, түнкү саат 23:40 чамасында каза болгон бала «Эне-Сай» дүкөнүнүн жанынан өткөн. Ошол эле учурда колледждин дагы видеокамерасына түшүп калган. Ал «Элдик» дүкөнүн көздөй басып кеткен.

Азыр айыпталып камакта жаткан балдар аны менен кошо кеткени тасмада жок. Камакта отургандар ал жерден 20 мүнөттөн кийин өтүп кеткени дагы тасмага түшкөн. Тескерисинче алар ал бала кеткен тарапка эмес, башка багытка кетишкен. Балдар эч кандай уруш-талашы жок жайбаракат басып, интернет клубга кирип, ал жерде таң атканча отурушкан.

Биз ушундай фактыларды дилилдеп, тактап, тергөөгө алып барсак дагы тергөөчүлөр карабай жатат. Бул балдарга бейбаштык боюнча кылмыш ишин козгосо макул элек. Себеби алар студент бала менен саат 23:30 чамасында пикир келишпестиктен улам жаңжалдашып, бирок кийин алар ынтымакка келишип үйлөрүнө кетишкен. Тергөөчүлөр чыр-чатактан кийин сабап өлтүрүштү деп айыптап жатышат», - деп белгиледи жактоочу С.Эркинбаев.

Студенттин өлүмүнө байланышкан окуя боюнча шектүү катары кармалгандардын жакындары кечээ, 2-майда Ош облустук прокуратурасынын алдына нааразычылыкка чыгышкан. Анда да ата-энелер акыйкат териштирүүнү талап кылышкан эле.

Студенттин өлүмү:

2017-жылы 3-декабрь күнү саат 10:30 чамасында милиция кызматкерлери Н.Исанов көчөсүнө чакыруу боюнча барышкан. Ал жерде унаа токтоочу жайдын артында башы жарылган 18-25 жаштар чамасындагы адамдан жансыз денеси табылган болчу. Иликтөөнүн жыйынтыгында каза болгон жаран Баткен облусунун Лейлек районунун Даркум айылынын 1999-жылы туулган тургуну С.Дөөлөтбек экени аныкталган. Ал Ош мамлекеттик социалдык университетинде 1-курста билим алып жаткан.

Кийин бул окуяга шектүү катары 7 студент жигит кармалып, камакка алынган. Ошондон бери тергөө иштери улантылып келет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1487
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×