Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Ошто футзал боюнча өлкө чемпиондорун салтанаттуу тосуп алышты (фото, видео)

Turmush -  Ош шаарынын «Erem» командасы футзал боюнча экинчи жолу өлкө чемпиону болду. Анын урматына кечээ, 2-май күнү «Erem» командасын «Ош» эл аралык аэропортунан салтанаттуу түрдө тосуп алуу аземи болду.

Иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдиев, Кара-Суу районунун акиминин орун басары Мехриниса Жороева, Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев, жаш спортчулар катышты. Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдиев «Erem» командасын куттуктап, Азия оюндарында да жеңиш менен кайтышын тиледи.

«Erem» өлкө чемпиондугунда Бишкектин «Алга» командасы менен мелдешке түшүп, пенальтиде 2 гол киргизип жеңишке жетишкен. Чемпион команданын машыктыруучусу Данияр Абдраимов жеңиш оңой келбей турганын белгиледи.

«2018-жылдын суперлигасында ким 3 жолу утса, жеңиш ошонуку болуп чечилген. Өткөн жылы 2 жолу жеңиш болсо эле жеңишке жетишчү. Бул жолу жалпы 5 оюн болду. Биз 2 оюнда жеңип, 2 оюнда жеңилип, 5-оюн — чечүүчү беттеш Бишкек шаарында өттү. Жеңүүчү болуу оңой экен, бирок титулду сактап калуу кыйынга турду.

1-12-августка чейин футзал боюнча Азия чемпионаты Индонезияда өтөт. Жалпы 16 команда катышат экен. Биз 3-корзинада ойнойбуз. Ирак, Өзбекстан, Кытай, Кыргызстан болобуз. Эки күчтүү команда болот», - деди Данияр Абдраимов.

Аталган оюнда «Эң мыкты бомбардир» наамына Максат Алимов татыган.

«Мен жалпы 29-30 гол киргиздим. Бул наамды күтүп жаткам. Анткени менден кийинкилер 23 гол киргизген болчу. Алдыдагы максатыбыз — Азия чемпиондугунда жакшы оюн көрсөтүп, ийгиликке жетишүү», - деди М.Алимов.

Команданын капитаны Адилет Култаев: «Башка оюндардан айырмаланып бул чемпиондук 3 жеңишти талап кылып, оюн кызыктуу дагы, оор дагы болду. Жыйынтыгында биз жеңишке жетиштик», - деп кошумчалады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 537
×