Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Ошто «Шайыр апалар» телефестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Кечээ, 2-майда Ош шаарынын жайкы сахнасында «Шайыр апалар» телефестивалы апалардын гала-концерти менен жыйынтыкталды. Ага жалпысынан Кыргызстандын жети облусунан келген 43 чыгармачыл топ катышып, элдик ырларды жалпы келген көрүүчүлөргө тартуулашты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, бул иш-чара Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында каргыз телевидениясынын 60 жылдыгына арналып, Коомдук телерадио корпорациясы жана Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган. Жыйынтыгында телефестивалдын баш байгеси Ысык-Көл облусунан келген «Ысык-Көл ажары» чыгармачыл тобуна тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 731
×