Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Ош

1-курстагы студенттин өлүмү: Камактагы шектүүлөрдүн жакындары нааразычылык билдирип чыгышты (фото, видео)

Turmush -  Бүгүн, 2-майда Ош облустук прокуратурасынын алдына 20дай тургун нааразычылыкка чыгышты. Нааразычылыкка чыккандар 2017-жылдын декабрь айында каза болгон студенттин өлүмүнө шектелип кармалган 7 баланын жакындары. Алар тергөөнүн жүрүшүнө нааразы экенин айтып жатышат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Нааразычылыкка чыккан ата-энелер акыйкат тергөө болбой жатканын, 3 ирет тергөөчү алмашып, бирок бир тараптуу гана териштирүү болгонун белгилешүүдө. Ал эми шектүүлөр 5 айдан бери камакта жатат.

Окуя тууралуу:

2017-жылы 3-декабрь күнү саат 10:30 чамасында Ош ШИИБдин оперативдүү тергөө тобу чакыруу боюнча Н.Исанов көчөсүнө барышкан. Ал жерде унаа токтотуучу жайдын артынан башы жарылган жаракаты менен 18-25 жаштар чамасындагы жигиттин жансыз денеси табылган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында ал жигит 1999-жылы Баткен облусунун Лейлек районунун Даркум айылында туулган, Ош мамлекеттик социалдык университетинин 1-курсунун студенти С.Дөөлөтбек экендиги такталган.

Анын өлүмүнө шектелип милиция тарабынан 6 жигит (1992-2000-2001-1999-жылы туулган) кармалып, абакка киргизилген болчу. Кармалган балдардын экөө эч жерде иштебейт, төртөө Ош техникалык университетинин студенттери болгон.

Кармалгандар өз көрсөтмөлөрүндө 2-декабрь күнү каза болгон Дөөлөтбек аларга мас абалда келип, өзү жаңжал салгандыгын, андан кийин аны сабашкандыгын, бирок алар өлтүрбөгөнүн айтышкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2322
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×