Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Ошто 2 унаа, электр мамысы талкаланган кырсык иликтенип жатат

Turmush -  Ош шаарында 2 күн мурда болгон унаа кырсыктан улам электр мамысы жарактан чыкты. Бул тууралуу Ош ШИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-апрель күнү «Тойота Камри» унаасы менен «Мерседес-Гелендваген» унаасы кагышкан. «Тайота Камри» Алимжанов көчөсүндө «Фрунзе» гипермаркетин көздөй бурулуп жатканда «Мерседес Гелендваген» келип сүзүп алган. Кырсыктан кийин «Тайота Камри» унаасынын айдоочусу ооруканага карылып, абалы жакшы экени айтылган. «Мерседес Гелендваген» унаасы андан ары барып урунуп токтогон электр мамысы жарактан чыккан. Учурда териштирүү иштери уланууда.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 898
×