Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Ошто чыккан өрттөн 4 үй толугу менен күйүп кетти (видео, фото)

Turmush -  Ош шаарында өрт чыгып, аны өчүрүүгө 5 бригада тартылды.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүн, 30-апрелде Ош шаарынын Фурманов көчөсүндө жайгашкан №69 турак үйдөн өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө саат 13:39да Ош шаардык өрт өчүрүүчү кызматынын 5 бөлүмү тартылган. Андан сырткары 102, 103 кызматтары да тартылды. Өрттүн кесепетинен Фурманов көчөсүндө жайгашкан 4 үй толугу менен күйүп кетти.

«Өрт саат 13:39да №69 үйдөн чыккан. Ага жанаша турган 3 үйгө дагы өрт тутанган. Өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда. Учурда өрттү өчүрүү иштери уланууда», - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 бөлүм, Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана ККББнун ыкчам тобу КБП унаасы менен жерине чыгышкан. Мындан сырткары ИИМден 15 кызматкер, медициналык тез жардам кызматынан 1 бригада, газ тармактар ишканасынан 1 бригада, Ош Электро ишканасынан 1 бригада тартылган. Өрттүн кесепетинен Фурманов көчөсүндөгү №65, 67, Пичугина көчөсүндөгү №20 жана Куйбышев көчөсүндөгү №2 турак үйлөр күйгөн. Өрт саат 14:50дө чектөөгө алынды.

Учурда өрттү толук өчүрүү үчүн 2 бөлүм иштеп жатат. Ал эми калган 3 бөлүм, ККББнун ыкчам тобу жана тиешелүү ЖК кызматтары туруктуу жайгашкан ордуларына кайтып келишти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1364
Көп окулду
×