Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 30.04.2018 13:46 На русском

Үйлөнүү тоюна бир күн калганда өзүн-өзү атып өлтүргөн милиционер окуяга чейин асынууга да аракет кылган

Turmush -  Ош шаарында үйлөнүү тоюна бир күн калганда өзүн-өзү атып өлтүргөн милиция кызматкери менен туугандарынын ортосунда пикир келишпестик болгон.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, үйлөнүү той үй-бүлөлүк пикир келишпестиктерден улам бир нече жолу жылдырылган. Ошондой эле милиция кызматкери окуядан бир күн мурун өзүн асууга да аракет кылган. Анын денесин кароо учурунда жиптин издери калганы аныкталды. Учурда иликтөө иштери улантылып жатат.

Буга чейин милиция кызматкери үйлөнүү тоюна бир күн калганда өзүн-өзү атып өлтүргөндөн кийин, анын кесиптеши 48 саатка камакка алынганын Ош ШИИБден билдиришкен. Анын баш коргоо чарасы бүгүн, 30-апрелде каралат.

Маалым болгондой, Ош ШИИБдин кызматкери өзүн өлтүргөн милиция кызматкерине кызматтык тапанчасын бергендиги үчүн күнөөлөнүүдө.

«Аталган кызматкер кызмат учурундагы шалаакылыгы үчүн жана милициянын өлүмүнө шектүү катары 48 саатка камакка алынды. Бул кызматкер каза болгон Т.С. менен дос болгон», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Окуя тууралуу:

Ош шаарында милиция кызматкери үйлөнүү тоюна бир күн калганда өзүн-өзү атып өлтүрдү. Аймактык кабарчыга өздүк булактардан билдиргендей, 27-апрелден 28-апрелге караган түнү милиция кызматкеринин жансыз денеси Масалиев проспектисине токтотулган автоунаадан табылган.

Бул маалыматты Ош ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн 28 жаштагы милиция кызматкери өз унаасында каза болгондугун маалымдады. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда аталган милиция кызматкеринин унаасынын эшиги ичинен бек болгон жана ал көкүрөгүнө тийген октон каза тапкан. Алгачкы божомолдоолор боюнча кызматкер өз өмүрүнө кол салган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, өзүн-өзү аткан милиция кызматкери Т.С. Кара-Суу районунун 1991-жылы туулган тургуну болгон жана тапанчаны милицияда иштеген досунан алып кеткен. Анын бүгүн, 28-апрелде Ош шаарындагы ресторандардын биринде үйлөнүү тою болмок.

Маркум милицияда 2014-жылдан бери иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×