Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Ош

Ошто 24 жаштагы кызды интимдик видео менен шантаж кылганы үчүн кармалган жигитти сот бошотту

Turmush -  Ош шаарында 24 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 26 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-апрель күнү 24 жаштагы кыз милицияга арыз кайрылган.

«Арыз ээси аны 26 жаштагы жергиликтүү тургун зордуктап жүргөндүгүн билдирген. Анын арызына караганда, жергиликтүү тургун «экөөбүздүн жыныстык катнашыбыз тартылган видеону интернетке чыгарам» деп коркутуп, өткөн жылдын декабрь айынан бери зордуктап жүргөн.

Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүү катары 26 жаштагы жигитти кармашты. Ал 24 жаштагы кыз менен акыркы жолу 27-апрель күнү жыныстык катнашта болгондугун айткан.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) жана 131-беренесинин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды», - деп айтылат маалыматта.

Кийинчерээк Ош шаардык соту бүгүн, 30-апрелде 24 жаштагы кызга сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүүгө шектелген жигитти сот залынан бошоткондугу маалымдалды.

ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечим 24 жаштагы кыздын тосмо арызынын негизинде кабыл алынды. Бүгүн шаардык сотто 26 жаштагы шектүүнү баш коргоо чарасы каралган болчу.

Маалым кат

130-берене. Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер(1) Жабырлануучуга (жабырлануучу аялга) же башка адамдарга зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу же болбосо жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) алсыз абалынан пайдалануу менен бачабаздык же сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттер жасалганда, беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

131-берене. Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо(1) Шантаж, жок кылам, зыянга учуратам же мүлкүңдү алып коем деп коркутуу же жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) материалдык же башка жагынан көз карандылыгынан пайдалануу менен адамды жыныстык катнашка, бачабаздыкка же сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоого мажбурлаганда эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7730
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×