Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 30.04.2018 12:35

Ошто жол кырсыктарды алдын алуу максатында уюштурулган акцияда окуучуларга балмуздак таратылды (видео, фото)

Turmush -  Ош шаарынын борбордук аянтында «Жаркыра!» («Стань ярче!») аталышында акция болуп өттү. Бул тууралуу ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарага окуучулар, жол кыймылынын «Жаш тескөөчүлөр» командасы, мугалимдер, ЖКККБнын жана мэриянын кызматкерлери катышты. Анын жүрүшүндө окуучалар тарабынан уюштурлган оюн-зоок жана сынактар тартууланды. Жыйынтыгында акцияга катышкан бардык окуучуларга балмуздак жана суусундуктар таратылды. Мындан тышкары, сынактарда жеңүүчү болгон окуучулар ар кандай баалуу белектер менен сыйланышты.

Иш-чара жаш өспүрүмдөр арасындагы жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу максатында уюштурлаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×