Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Ош

Өзбек башчысы келген учурда жардырууну пландоого айыпталган адамдын атасы уулунун күнөөлүү эместигин айтууда (видео)

Turmush -  Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке келген убакта жардыруу пландоого айыпталган жарандын атасы Курсантбек Сарымсаков уулун күнөөлү эмес деп эсептейт. Ал бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде АКИpress-Ошто өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, уулу куру дооматка кабылган. Айыпталуучу — 30 жаштагы Дастан Ош шаардык сотунун өкүмү менен 15 жылга кесилип, учурда иши Ош облустук сотунда каралууда. 19-апрелде Ош облустук соту да өкүм чыгараары күтүлүүдө.

«Менин баламды 2017-жылдын 2-сентябрында УКМК кызматкерлери кармашкан. Аны Шавкат Мирзиёев Бишкекке келгенде жардырууга аракет кылды деп күнөөлөшкөн. Алар үйдү тинтүү учурунда эч кандай кагаз көрсөткөн эмес. Бардык жерди текшерип бүтүп, кайрадан ит менен текшеребиз деп калышты. Анан эле кара түстөгү баштык таап чыгышты. Ал баштык үйдө жок болчу. Ичинде жардыруучу заттар бар дешти. Мен тинтүүгө каршымын деп кол коюп бергем. Уулумду ур-токмокко алып, колун кайрып, кол койдуртушкан. Ал орус тилинде жазылган даяр жазууга кол коюп берген. Уулум орусча да билбейт. Ал кантип жалгыз президентти жардырмак эле? Эгер балам чынында курал менен кармалса атын да атабайт элем. Ал устачылык менен алектенчү жана экстремисттик уюмдарга мүчө болгон эмес», - деди ал.

К.Сарымсаков уулу кармалганда келининин боюнан түшүп калганын кошумчалады. «Уулум чет өлкөгө чыккан эмес. Жада калса Бишкекке да барган эмес. Укук коргоо органдарына кайрылганым менен жыйынтык чыккан жок. Бизге президенттен башка эч ким жардам бере албайт. Мен терроризмге каршымын. Бул ишти мыйзамдын чегинде териштирүүнү суранам», - деди ал.

Буга чейин Turmush басылмасы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке келген убакта жардыруу пландоого шектелген адам 15 жылга кесилип, иши Ош облустук сотунда каралып жатканын маалымдаган.

Ош облустук сотунда террористтик уюмдардын мүчөсү делген Кара-Суу районунун тургунуна козголгон кылмыш иш боюнча соттук кароо уланууда. Ош шаардык соту шектүүнү 2017-жылдын 30-декабрында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 27-226-беренелери жана 241-299-беренелери менен күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан. Өкүмгө нааразы болгон тарап Ош облустук сотуна кайрылган. Алар шектүүнү күнөөсүз камалганын айтышууда.

Маалым болгондой, шектүү «Жамаат-Таухид ва жихад» эл аралык террористтик уюму менен тыгыз иштешкени айтылат. Ал 2017-жылдын сентябрь айында террористтер менен байланышта болуп, Өзбекстандын президентти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон сапарында жардыруу уюштурууну пландаштырган. 2017-жылдын 3-сентябрында шектүү кармалып, үйүн тинтүү учурунда жардыруучу зат табылган. Бирок шектүү өз көрсөтмөсүндө террористтик уюмдардын мүчөсү эместигин жана Өзбекстандын президентти келген убакта жардыруу пландаштырбагандыгын билдирген.

Өзбек президентти Бишкекке 2015-жылдын 5-сентябрында келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 574
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×