Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 13.04.2018 14:55

Оштун Жапалак айыл аймагына биринчи жолу жаратылыш газы берилди (видео, фото)

Turmush -  Ош шаарынын Жапалак айыл аймагындагы 600 жашоочу алгачкы жолу жаратылыш газы менен камсыз болду. Шаар тургундары буга чейин газдын жоктугунан улам электр тогун гана пайдаланып келишкен.

Мэр Айтмамат Кадырбаевдин айтымында, өткөн жылы шаардын ичиндеги орто басымдагы 24 чакырым газ түтүктөрү алмаштырылган. Айыл аймактагы Ү.Төлөнөв, Ж.Сасыкбаев, Токтогул жана Ж.Бөкөнбаев көчөлөрүндөгү 98 түтүнгө 5 чакырым газ түтүгүн тартуу үчүн 9,5 млн сарпталды.

Жергиликтүү тургундардын бири Гуласал Авазовнын бул айылга келин болуп келгенине 42 жыл болгон. Ал быйыл алгачкы жолу газ берилип, кубанып жатканын билдирди. «Газ жоктугунан улам тамак-ашты очокко бышырып келгенбиз. Жаратылыш газы берилгенине сүйүнүп турабыз»,- деди Г.Авазова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×