Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Ош

Оштогу аскер бөлүккө түндүк аймактан чакырылган жаш жоокерлерди боорсок менен тосуп алышты (фото)

Turmush -  Ош шаарында Куралдуу күчтөрдүн Кургактагы аскерлердин №8 гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын №36806 аскер бөлүгүндө жазгы чакырыктагы жаш жоокерлер кабыл алынды. Бул тууралуу аскер бөлүктүн аялдар комитетинин төрайымы Жаннат Койлубаева билдирди.

Анын айтымында, жаш жоокерлер Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынан чакырылган.

«Мурун аскерге жөнөп жаткан жигиттерди ата-энеси таттуу токоч тиштетип узатчу экен. Анткени аскерден аман-эсен кайтып келип, ушул токочту кайра тиштеп жей турган, дени сак жана күчтүү болуп келет деген ишеним болгон. Жаш жоокерлерибизди аскер бөлүктүн аскер айымдары нан, май, боорсок менен тосуп алышты. Бул жоокерлерге эне мээримин тартуулоо максатында жасалды», - деди ал.

Жоокерлерди тосуп алуу иш-чарасынын жүрүшүндө аскер бөлүктүн командири Жолдош Султанов сөз сүйлөп, аларды патриоттуулукка чакырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 551
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×