Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 13.04.2018 11:57

Жапалакта «Хонда Фит» унаасы толугу менен өрттөндү (фото)

Turmush -  Оштогу Жапалак айыл аймагына караштуу Орек айылында жеңил унаа толугу менен өрттөндү.

ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 13-апрелде билдиргендей, «Хонда Фит» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру 0668 АQ) унаадан тышкары жыгач устундуу шифер менен жабылган бастырманын 50 чарчы метр чатыры өрттөнгөн.

«Өрт кошуна турак үйгө жайылып, анын кесепетинен 12 чарчы метр чатыры күйдү. Учурда өрттүн сбеби такталып жатат», - деп айтылат ӨКМдин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×