Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Фото — Ошто фитосанитардык лабораториянын 240 миң долларлык жаңы имаратынын курулушу башталды

Turmush -  Ош шаарындагы өсүмдүктөрдүн карантини боюнча фитосанитардык лабораториянын жаңы имараты курулуп баштады.

Маалым болгондой, имаратка капсула салуу аземине өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркин Чодуев жана мекемелердин кызматкерлери катышты.

Лабораториянын курулушу Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнүн алкагында Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы техникалык колдоо көрсөтүү боюнча макулдашуунун негизинде жүргүзөлөт. Курулуш объектинин сметалык баасы 240 миң долларды түзөт. Мындан тышкары, лабораториянын адистерин окутуу үчүн 105 миң доллар бөлүнүп берилген. Анын ичинен 50 миң долларга көчмө лабораториянын базасында 2 унаа сатылып алынган.

Лаборатория айыл чарба өсүмдүктөрүн заманбап технологиянын негизинде эл аралык талаптарга ылайык текшерүүлөрдөн өткөрүп, фитосанитардык абалды аныктоо максатында курулат. Ошондой эле ата-мекендик айыл чарба продукцияларын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 849
Көп окулду
×